Жалал-Абаддагы жаңы аэропорт: Курулуш токтоду деген маалымат төгүндөлдү

Коом 6 март 2026 09:40
646243929_2028681874665733_1251375010835795226_n.jpg
645279720_2028681877999066_6222904408242186389_n.jpg
645390434_2028682017999052_3515667199309501171_n.jpg
646502406_2028681941332393_555926493507588358_n.jpg
Алдыга
Артка
646243929_2028681874665733_1251375010835795226_n.jpg
645279720_2028681877999066_6222904408242186389_n.jpg
645390434_2028682017999052_3515667199309501171_n.jpg
646502406_2028681941332393_555926493507588358_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Жалал-Абаддагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтогон жок. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Учурда социалдык тармактарда Жалал-Абадда курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтоп калды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, Сузак районунун аймагында 381 гектар аянтка курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропорттун курулуш иштери уланууда. Долбоордун буйрутмачысы "Кыргызстан аэропорттору" ААК. Башкы подрядчы – президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы болуп саналат.

Учурда курулуш жүрүп жаткан тилкеде жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары жайгашкандыктан жана аба ырайынын шарттарына байланыштуу айрым техникалык иштер жүргүзүлүп жатат. Ушуга байланыштуу убактылуу техникалык токтоо болгон. Ошол эле учурда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания өз ишин улантууда.