Жалал-Абадда селден жабыркагандарга 2,5 млн сом камсыздандыруу төлөндү

Аймак 19 Июнь 2026 09:05
726373210_2114579136076006_4252047327148096156_n.jpg
725578583_2114579169409336_9044540032789461108_n.jpg
727243683_2114579142742672_1144714571141607449_n.jpg
Алдыга
Артка
726373210_2114579136076006_4252047327148096156_n.jpg
725578583_2114579169409336_9044540032789461108_n.jpg
727243683_2114579142742672_1144714571141607449_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Жалал-Абадда селден жабыркагандарга 2,5 млн сом камсыздандыруу төлөндү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин президенттин өкүлү Тилек Текебаевдин Манас шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда жаран Людмила Клюкина селдин кесепетинен жабыркаган турак жайын камсыздандыруу боюнча маселе көтөргөн.

Көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан Людмила Клюкинага 1 млн сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу сертификаты тапшырылды.

Ошондой эле уюм тарабынан селден жабыркаган Манас шаарынын дагы бир тургунуна 1 млн сом жана Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын тургунуна 500 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү берилди.