Ош мэри Сулайман-Тоонун тургундары менен жолукту

Аймак
Ош мэри Сулайман-Тоонун тургундары менен жолукту
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда тургундар балдар аянтчасын жана откана куруу, маршруттук каттамдардын графигин жакшыртуу, жер тилкелерине байланышкан талаштар, газ жана электр энергиясы боюнча маселелерди көтөрүштү.

Мэр жарандардын суроолоруна жооп берип, айрым көйгөйлөр менен жеринен таанышарын билдирди. Ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ош мэри Сулайман-Тоонун тургундары менен жолукту