Ашууларда жолдор тазаланып, кум-туз аралашмасы себилди

Аймак
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Бүгүн өлкөнүн бир катар унаа жолдорунда кар тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлүп, ашууларда унаа кыймылы үзгүлтүксүз камсыздалды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда жолго кум-туз аралашмасы себилип, кар тазалоо иштери уланууда. Учурда жол ачык.

Өтмөк ашуусунда да жол тазаланып, кум-туз аралашмасы себилди. Каттам ачык, тыгын жок. Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон ашуусунда абал туруктуу, унаалар үзгүлтүксүз каттап жатат.

Мындан тышкары, бүгүн саат 09:00дөн тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө алынды.

“Айдоочуларды аба ырайын эске алып, ылдамдыкты азайтууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырабыз”,– деп айтылат маалыматта.