Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ош – Сары-Таш – Эркештам жолундагы Талдык, Тоңмурун ашууларында кар жаап, жолдорго инерттик материалдар себилүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Төө-Ашууда кум-туз аралашмасы себилди.
"Учурда бул жолдо кар токтоп, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Ал эми Талдык жана Тоңмурун ашууларында жол тейлөө кызматкерлери инерттик материалдарды себүү иштерин улантууда. Ал жактарда да жол ачык", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик айдоочуларды унааларын кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, жолдо ылдамдыкты жана коопсуз аралыкты сактоого чакырды.