Ашууларда жолдор кардан тазаланып, унаалардын каттамы камсыздалды

Аймак 2 октябрь 2026 15:15
Ашууларда жолдор кардан тазаланып, унаалардын каттамы камсыздалды
copyright icon WWW

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Ашуулардагы жолдор кардан тазаланып, учурда унаалардын жүрүүсүнө шарт түзүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жол кызматкерлери түн ичинде ашуулардагы жолдорду кардан тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүштү. Учурда да жолчулар нөөмөттө болуп, жолдордун коопсуздугун камсыздоо иштерин улантууда.

Жол кызматтары айдоочуларды алыскы жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерип, кышкы дөңгөлөк менен жүрүүгө чакырат.

Ошондой эле жолдо ылдамдыкты сактап, унаалардын ортосундагы аралыкты кармоо жана ашууларда өзгөчө этият болуу сунушталат.

п MP4 · 13.0 МБ Жүктөп алуу