Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы ачык. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда саат 09:45ке карата автожол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Ошондой эле Өтмөк ашуусунда жол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Ал эми Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда абал туруктуу.
Жол кызматкерлери тарабынан автожолдордо үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аба ырайын эске алууга, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты азайтууга жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.