Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Жалал-Абадда өрттөнгөн унаа толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек — Ош унаа жолунун 300-чакырымында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Honda Stepwagen унаасынан өрт чыккан.
Билдирүү түшөр замат өрттү өчүрүүгө саат 14:46да 1 күжүрмөн эсеп жана авариялык-куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу тартылган. Тилсиз жоо саат 15:35де өчүрүлгөн.
Унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кулап, натыйжада өрт тутангандыгы айтылды.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза тапты. Учурда жарандардын өздүгү такталууда.
ӨКМ сапарга чыккан айдоочулар төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:
- жолго чыгууда унааңыздын техникалык абалына көңүл буруңуз;
- коопсуздук эрежелерине ылайык, тетиктерин оң абалда кармаңыз;
- газ менен жүрүүчү унаа менен күн ысыкта алыс чакырым жүрсөңүз, атайын эрежелерин так сактаңыз;
- мас абалында, чарчап, уйкуңуз келип турганда, ошондой эле өзүңүздү начар сезип жатсаңыз унааны башкарбаңыз.