Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда эреже бузган айдоочуларга байкоочу камералардын жардамы менен протоколдор түзүлүүдө.
Жол кыймылынынын коопсуздугуну камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, көпчүлүк оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө ашуудагы туннелден бири-биринен ашып өтүү же каршы тилкелерге чыгуу менен эреже бузуп, айдап жүрүшкөндөрү байкоочу камераларга түшүп калган.
Бул фактылар боюнча жол тескөөчүлөрү айдоочуларга тийиштүү протоколдорду түзүп, айып пулдарды салууда.
“Урматтуу айдоочулар жолдо жүрүүдө асманда кудай, жерде камера, ал эми жолдо жол тескөөчүлөрү көзөмөлдөп жүрөөрүн эске алып, өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар үчүн жол эрежелерин так сактаңыздар!”,-деп айтылат маалыматта.