Жалал-Абаддагы наристенин өмүрү алган автокырсык. Унааны Ош шаарынын мэринин тууганы айдап бараткан

Кырсык 2020 18 Март 2025 10:00
04102021-2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
photo_5388896626388625107_y.jpg
Алдыга
Артка
04102021-2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
photo_5388896626388625107_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев уулу Баястан рулда болгон делген жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, каргашалуу кырсык орун алган окуяда унаада анын уулу эмес, тууганы болчу.

"15-март түнкү 21:00 чамасында Жалал-Абад шааарынын Р.Азимов көчөсүндө жол-транспорт кырсыгынан эки жаш баланы сүзүп кетип, окуя болгон жерде бири жан берген.

«BMW» үлгүсүндөгү В5500ВА номурлуу унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурислам аттуу баланын атына катталган.

Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин баласы 2000-жылы туулган Ш.З болуп чыкты. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалып 15-майга чейин (эки айга) убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул боюнча атайын органдар тарабынан коомчулукка ошондо эле расмий маалыматтар берилген.

Ошондой эле мыйзам баарыбызга бирдей жана жооп берүүгө түздөн-түз милдеттүүбүз!

Кырсык каш-кабактын ортосунда дейт. Наристенин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Ата-энесине жана жакындарына сабыр тилейм. Экинчиси батыраак сакайып катарыбызга кошулсун. Жакшылыктарда көрүшөлү!"-, деп жазган ал.