Бишкек — Ош жолунда унаа кырсыгынан жабыркагандарга кайгуул милициясы жардам көрсөттү

Коом Загрузка... 16 Март 2025 17:00
copyright icon www

Бишкек,16.03.25./Кабар/. Жол тескөөчүлөр кырсыкта жаракат алган жарандарды ооруканага коштоп жеткиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол тескөөчүлөр бөлүнгөн аймакта кызмат өтөө учурунда жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды ооруканага алып бара жаткан айдоочу жардам сурап кайрылган.

Кызматкерлер ошол замат жаракат алган жарандарды кызматтык унаа менен коштоп, Жайыл райондук ооруканасына ыкчам коштоо менен жеткирип, биринчи жардамды көрсөтүштү.

Тактоо учурунда жаракат алган жарандар Бишкек-Ош унаа жолунун 106-чакырымында жол кырсыгына кабылгандарын айтып, жол тескөчүлөрүнүн ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдиришкен.