Бишкекте +12°, Нарында -8°. Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

Коом Загрузка... 02 Февраль 2026 10:07
WhatsApp Image 2025-12-22 at 14.56.22 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-февралда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, ал эми дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Талас облусунда +6…+11, Ысык-Көл облусунда +3…+8, Чүй облусунда +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8…+13 градус жылуу, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болот.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +10…+12, Ош шаарында +8…+10 градусту түзөт.