Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган салтанатка 800гө жакын артист катышты

Маданият Загрузка... 31 Август 2025 14:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.08.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган концертк 800гө жакын артист катышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз катчысы Урмат Майрамбек уулу билдирди.

Анын айтымында, иш-чараларды өткөрүү үчүн шаарга аянты 100 чарчы метр болгон LED экран орнотулуп, чет өлкөдөн алынып келинген заманбап музыкалык жабдуулар колдонулду.

"Биз жаңы техниканы дагы, 33 жылдык Эгемендүүлүктү майрамдоодо колдонулган жабдууларды дагы колдондук. Жалпысынан Маданият министрлигинин карамагында 1900 чарчы метр LED экрандары бар", - деп белгиледи ал.

Ошондой эле, иш-чараларды уюштурууга министрликтин карамагына жаңы түшкөн автобустар да колдонулду. Даярдык иштери майрамга эки жума калганда башталып, жаңы аянтка сахна, жабдуулар орнотулуп, аймак жасалгаланды.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында майрамдык иш-чаралар кечээ тогуз жерде өттү. Кечинде россиялык жана башка артисттердин катышуусунда гала-концерт болду.