Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында дин кызматкерлерине “Аалымдар ынтымактын, биримдиктин башаты” аталышында иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, иш-чара элге динди жеткирүү менен бирге, улуттар арасындагы достук мамилени чыңдоого, ошондой эле диний чөйрөдөгү айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жана жаңы кабыл алынган “Дин туттуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамын калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган.
Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков жана дин кызматкерлери катышты.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов Кыргызстан жарандардын дин тутуу эркиндигин толук камсыздаган мамлекет экендигин айтты.
“Кыргыз Республикасы светтик (башкарууга дин аралашпаган) мамлекет, бирок ошол эле учурда жарандардын дин тутуу эркиндигин толук камсыздаган, элибиздин басымдуу бөлүгү тутунган ислам дини менен эриш-аркак өмүр сүрүп, жайылуусуна колдоо көрсөткөн мамлекет. Ар бир мамлекет өзүнүн тарыхына, маданиятына таянып, келечек жолун эске алып, мамлекет тарабынан иний чөйрөнү тескөө саясатын аныктайт. Ата-бабаларыбыз карманган ислам дини светтик коомго, светтик мыйзамдарга карама-каршы келбейт. Бул байыркы кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарына да туура келген. Анткени биздин ата-бабаларыбыз элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга, көчмөндөрдүн дүйнөгө көз карашына төп келгени үчүн да исламды дин катары кабыл алышкан”, - деп баса белгиледи ал.