Ошто диний чөйрөдөгү мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө

Аймак Загрузка... 12 Март 2025 11:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Ошто диний чөйрөдөгү мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районунда 1-февралдан тартып күчүнө кирген "Дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү" жана “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер” мыйзамдары боюнча мамлекеттик кызматкерлерге, укук коргоо органдарына, мугалимдерге жана дин кызматкерлерине түшүндүрүү иштери уюштурулууда.

Иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышып жатат.

Жыйында Дин комиссиясынын кызматкерлери тарабынан мыйзам боюнча презентациялык материалдар көрсөтүлүп, мыйзамдын өзгөчөлүктөрү, чектөөлөрү тууралуу түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Ошондой эле мыйзамдын талаптарын кынтыксыз аткаруу керектиги айтылды.