Ысык-Көлдө “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер” мыйзамы боюнча түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду

Аймак 955 11 Март 2025 12:44
WhatsApp Image 2025-03-11 at 06.51.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 06.51.39 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 06.51.39 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 06.51.39.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-11 at 06.51.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 06.51.39 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 06.51.39 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-11 at 06.51.39.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы кабыл алынган мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы жана облустун казысы катышты.

Анда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү тарабынан облустук казыяттын, шаардык хатибияттын кызматкерлерине жана Каракол шаар аймагынын имамдарына маалыматтар берилди.

Эми мындай иш-чараны облустун райондордогу жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө жана имамдарга өткөрүү пландалып жатат.