Бишкекте дин чөйрөсүнүн мыйзамдары боюнча адистер түшүндүрүү иштерин уюштурушту

Коом 1162 12 Март 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-03-12 at 08.58.00.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-12 at 08.58.00 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-12 at 08.57.59 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-12 at 08.57.59 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-12 at 08.57.59 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-12 at 08.57.59.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-12 at 08.57.58.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бишкекте дин чөйрөсүнүн мыйзамдары боюнча адистер түшүндүрүү иштерин уюштурушту.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан маалымдашкандай, бүгүн борбор калаада 2025-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирген "Дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү" жана “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдар боюнча мэриянын, Ленин, Биринчи май, Свердлов жана Октябрь администрациялык районунун муниципалдык администрацияларынын кызматкерлерине маалыматтык-түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Иш-чарада Дин комиссиясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамдар тууралуу презентациялык материалдар көрсөтүлүп, мыйзамдын өзгөчөлүктөрү жана чектөөлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилди.