Ажылык – 2025: Зыяратчылардын документтерин визага даярдоо иштери башталды

Коом 1291 05 Март 2025 17:55
2024-09-24_16-10-22_445586.jpg
481703576_962448442684112_4288974265642540262_n.jpg
481079160_962448226017467_1783627304433229897_n.jpg
482246376_962448142684142_3002719377826390355_n.jpg
481773808_962448306017459_6307404491013723374_n.jpg
Алдыга
Артка
2024-09-24_16-10-22_445586.jpg
481703576_962448442684112_4288974265642540262_n.jpg
481079160_962448226017467_1783627304433229897_n.jpg
482246376_962448142684142_3002719377826390355_n.jpg
481773808_962448306017459_6307404491013723374_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ДИМК

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. 2025-жылдагы ажылык зыяратын уюштуруу алкагында документтерди визага даярдоо иштерди башталды. Бул тууралуу 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси муфтийдин орун басары Жолдошбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында виза даярдоо иштерине старт берилди.

«Зыяратчылардын документациясын тыкыр текшерип, визага даярдоо иштерине старт берилди. Жараян негизинен 2 этаптан жүргүзүлөт. Алгач ажылардын делосу текшерилет. Андан соң визага даярдалат», – деди ал.

Абдылдаев өз сөзүндө ажылыкка кызмат кылуу өтө сооптуу жана жооптуу иш экенин белгилеп, ажылыкты уюштуруу иштери диний башкармалыкта бир нукка түшүп, системаланып калганын айтты.

Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандыктар үчүн ажылыкка 6060 квота бөлүнгөн.