Жалал-Абад менен Чүйдө фотокапкандарга түшкөн жапайы жаныбарлар

Коом 374 16 Июнь 2026 10:25
724341312_1332851375616888_1038677146959440916_n.jpg
724109445_1332851478950211_3516376139360000330_n.jpg
724486313_1332851348950224_8387344977478774056_n.jpg
724872034_1332851265616899_8552330888731103212_n.jpg
724170744_1332850958950263_2863429038276799170_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon NABU Кыргызстан уюму

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркында жана Чүй облусундагы Суусамыр жайлоосунун аймагына орнотулган фотокапкандарга элик, каман, сүлөөсүн, суусар сыяктуу жапайы жаныбарлар түштү. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фотокапкандар уюмдун түштүк бөлүмүнүн Барс-2 тобунун кызматкерлери тарабынан былтыр орнотулган.

“Учурда фотомаалыматтар боюнча аймактагы жапайы жаныбарлардын таралышы, жүрүү багыттары жана саны такталууда”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин уюм Чүй облусундагы "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркы, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Сарыгой капчыгайы жана Жалал-Абад облусундагы Чычкан капчыгайынын аймагындагы фотокапкандардагы жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү менен бөлүшкөн.