Жалал-Абад электр тармактар ишканасына атайын техникалар берилди

Коом Загрузка... 12 Июнь 2026 15:20
723086266_1425955359569263_9106226296584142923_n.jpg
copyright icon Жалал-Абад ЭТИ

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Жалал-Абад электр тармактар ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Тармактын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында 1 даана FAW үлгүсүндөгү автокөтөргүч, 1 даана экскаватор жана 2 даана ISUZU үлгүсүндөгү бригадалык унаа берилди.

Бөлүштүрүүгө ылайык, бригадалык унаалардын бири Жалал-Абад, экинчиси Ала-Бука көмөк чордондорунун кызматкерлерине пайдаланууга берилди.

"Бул техникалар элге сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү багытындагы иштерибизди дагы да жакшыртат. Ар бир кызматкер жаңы техникаларды көздүн карегиндей сакташы керек", – деди ишкананын директору Сүйүнбек Усенов.

Эске сала кетсек, аталган унаалар "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК тарабынан өз каражатына сатылып алынган 41 даана жаңы атайын техниканын курамына кирет жана алар өлкөнүн аймактарына баскыч-баскычы менен бөлүштүрүлүүдө.