Калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча жаңы программа иштелип чыгат

Коом Загрузка... 12 Июнь 2026 13:35
922137b3-9093-4286-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты азайтуунун жаңы программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун алгачкы отуруму өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматовдун жетекчилигинде өткөн жыйынга экономика, билим берүү, айыл чарба жана социалдык коргоо тармактарынын өкүлдөрү катышты.

Жаңы иштелип жаткан документтин башкы максаты жумуш орундарын көбөйтүү жана эмгек рыногун заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүү, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу жана кирешелердин туруктуу өсүшүн камсыз кылуу , мамлекеттин жакырчылыкты кыскартуу боюнча бардык аракеттерин жана стратегиялык документтерин бирдиктүү бир алкакка келтирүү болуп саналат.

"Учурда өлкөдө региондорду өнүктүрүү, формалдуу эмес экономикадан чыгуу жана миграция саясаты боюнча бир катар программалар иштеп жатат. Жаңы түзүлө турган стратегиялык документ бул багыттагы бардык мамлекеттик колдоо механизмдерин өзүнө камтыйт", - деп айтылат маалыматта.

Отурумдун жыйынтыгында жумушчу топтун мүчөлөрүнө программанын долбооруна киргизүү үчүн өз сунуштарын берүү тапшырылды. Документти иштеп чыгуу тиешелүү мамлекеттик органдардын демилгелерин эске алуу менен улантылат.