Сак болуңуз! Жакынкы үч саатта Чүй менен Бишкекте катуу шамал күтүлөт

Коом 18 июнь 2026 17:00
Сак болуңуз! Жакынкы үч саатта Чүй менен Бишкекте катуу шамал күтүлөт
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Жакынкы сааттарда Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакынкы үч саат ичинде жана бүгүн түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды этият болууга, унааларды бак-дарактардын жана жеңил конструкциялардын жанына калтырбоого чакырат.