Жамгыр жаап карга айланат: Бишкекте туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом Загрузка... 05 Февраль 2026 14:30
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.14.14.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Жакынкы күндөрү Бишкекте аба ырайы туруксуз болуп, жаан-чачын жана аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт.

Синоптиктердин маалыматы боюнча:

  • 5-февралда: күндүз борбор калаада салыштырмалуу жылуу болуп, температура +14…+16°C түзөт, түнкүсүн +1…+3°C чейин төмөндөйт.
  • 6-февралда: жаан жаап, арты карга айланышы күтүлөт, абанын температурасы түнкүсүн +1…+3°C, күндүз +5…+7°C болот.
  • 7-февралда: кар жаашы болжолдонууда: түнкүсүн –1…–3°C, күндүз +2…+4°C.
  • 8-февралда: түнкүсүн күн сууктап –3…–5°C болот, күндүз күн ачылып +6…+8°C чейин жылыйт.
  • 9-10-февралда: Бишкекте күн ачык жана жылуу болот: түнкүсүн 0…+4°C, күндүз +12…+15°C.
  • 11-февралда: кайрадан жаан-чачын болушу мүмкүн: түнкүсүн 0…+2°C, күндүз жаан жаап, температура +8…+10°C түзөт.