Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу: Кыргыз туризми жаңы шартка кантип ыңгайлашат?

Экономика Загрузка... 09 Март 2026 18:14
1.webp
copyright icon WWW

Жакынкы Чыгыштагы окуялар Кыргызстандан чыккан туристтик каттамдардын картасын өзгөрттү. Өлкөнүн турбизнеси жаңжалдын курчушунун кесепеттерин сезе баштады: турларды сатуу төмөндөп, багыттар кайрадан каралууда. Туроператорлор кырдаал сыртка чыгуучу жана өлкөгө келүүчү туризмге тең таасир эткенин белгилешет. Ошол эле учурда Кыргызстандын Туризм департаменти башка эл аралык рыноктордон Кыргызстанга болгон кызыгуу туруктуу бойдон сакталып, жаңы туристтик сезонго даярдыктар уланып жатканын билдирүүдө.

Аймактагы болуп жаткан окуялар туристтик бизнеске жана баалардын калыптанышына кандай таасир тийгизип жатканы, ошондой эле кайсы багыттар кеминде күзгө чейин жеткиликсиз боло тургандыгы тууралуу "Кабар" агенттигине тармактын өкүлдөрү айтып беришти.

2

Туроператорлордун маалыматы

Кыргызстандагы ири туркомпаниянын негиздөөчүсү Талант Озокеевдин айтымында, чыңалуудан улам адамдар учуудан, өзгөчө Перс булуңундагы өлкөлөргө баруудан кооптоно башташты.

"Адамдар бир жакка учуудан коркуп жатышат. Биринчи кезекте бул Перс булуңундагы мамлекеттер — Дубай, Катар, Кувейт. Бул багыттарга турларды сатуу толугу менен токтотулду", — деп белгиледи ал.

Учурда Перс булуңундагы өлкөлөргө пландалган турларды башка багыттарга которуу аракеттери көрүлүүдө. Кеп биринчи кезекте Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү — Вьетнам, Таиланд жана Хайнань аралы тууралуу болуп жатат.

3

Ошол эле учурда Египетке болгон суроо-талап дагы төмөндөгөн.

"Адамдар Египет Израил менен чектешкендиктен ал жакка учуудан коркуп жатышат. Ошондуктан бул багыт боюнча да суроо-талап азайды", — деп түшүндүрдү туроператор.

Компания өкүлү белгилегендей, кырдаал турлардын баасына да таасирин тийгизди. Мисалы, Египетке болгон саякаттардын баасы арзандаса, Түштүк-Чыгыш Азиянын айрым багыттары боюнча тескерисинче, баалар өстү.

"Түркия боюнча да турлар арзандады, себеби бул өлкөнүн жаңжалга катышуу ыктымалдыгы тууралуу кептер жүрүүдө. Ушундан улам туристтердин бир бөлүгү ал жакка да учуудан кооптонуп жатышат", – деп кошумчалады Озокеев.

Туроператорлор кардарлар үчүн тобокелдиктерди азайтууга аракет кылышууда. Эгерде туристтер чет өлкөдө калып калышса, туркомпаниялар алардын жашоо мөөнөтүн узартууга жардам берип, зарыл болгон учурда учуп кеткенге чейин каржылык колдоо көрсөтүшөт.

"Туроператорлор үчүн эң чоң минус – алардын мейманканалар менен келишимдери бар экендигинде. Турагенттик ишмердүүлүктө каражатты кайтаруу жол-жоболоштурулат, бирок форс-мажордук жагдайлардан улам кайтаруу мөөнөтү 14 күндөн 3 айга чейин созулушу мүмкүн. Турларды алдын ала ээлеп койгондор бул аралыкта акчаны кайтарып алууну же багыттарды алмаштырууну карап жатышат", – деп белгиледи ал.

Озокеевдин божомолунда, Жакынкы Чыгыш багыттары кеминде жакынкы сезон үчүн толугу менен жоголушу мүмкүн.

4

"Март, апрель, май айлары – бул багыттар боюнча сезон иш жүзүндө жоголду. Менимче, күзгө чейин Жакынкы Чыгыш багыты дээрлик каралбайт. Негизги басым Түркия, Египет жана Түштүк-Чыгыш багыттарына, өзгөчө Вьетнамга оошу мүмкүн", – деди Озокеев.

Ошол эле учурда дагы туркомпаниянын негиздөөчүсү Сергей Глуховеров бул кырдаал өлкөдөн чыгуучу туризмге гана эмес, өлкөгө келүүчү туризмге да таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

Анын айтымында, көптөгөн чет элдик туристтер Кыргызстанга Доха жана Дубай сыяктуу транзиттик хабдар аркылуу келишчү, ошондуктан аэропорттордун жабылышы жана каттамдардын өзгөрүшү азыртадан эле сапарлардын токтотулушуна алып келүүдө.

Кыргызстанга келүүнү пландаган туристтик топтордун арасында сапарларын токтоткондор бар. Адамдар башка авиакаттамдарды табууга аракет кылып жатышат, бирок айрым жерлерде баалар өтө жогору, кээ бир жерлерде учуу убактысы ыңгайсыз болууда. Натыйжада туристтер жөн эле келүүдөн баш тартып жатышат", – дейт ал.

Араб Эмираттары акыркы жылдары эл аралык каттамдар үчүн маанилүү транзиттик түйүн болуп калды, ошондуктан каттамдардын өзгөрүшү билет бааларынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

"Эгерде транзиттик багыттар тарыса, калган авиакомпанияларга күч келип, авиабилеттер кымбаттайт. Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн учуп келүү ансыз деле арзан эмес, ал эми баалар көтөрүлсө учуп келүүнүн баасы өлкө ичиндеги турдун баасынан кымбат болуп калышы ыктымал", – деп түшүндүрдү Глуховеров.

Учурда туркомпаниялар өнөктөштөргө жана туристтерге альтернативдүү каттамдарды табууга жардам берүүгө аракет кылышууда. Мисалы, Стамбул аркылуу же Алматыга учуп келип, андан ары Бишкекке чейин унаа менен келүү жолдору сунушталууда.

"Калганы бизден көз каранды эмес. Жаңжал тез арада аяктап, аймакта тынчтык орнойт деп абдан үмүттөнөбүз", – деген тилегин билдирди ал.

Тармактагы эксперттердин баамында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү 2026-жылдын туристтик сезонуна олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.

5

Туризм департаментинин реакциясы

Өз кезегинде Туризм департаменти эл аралык кырдаалга жана анын туристтик рынокко тийгизген таасирине кылдат көз салып жатканын билдирди.

Департаменттин маалыматы боюнча, гиддерден жана туроператорлордон Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген туристтер тарабынан суроо-талаптын азайгандыгы жана айрым турлардын токтотулгандыгы тууралуу так маалыматтар түшө баштады.

"Биринчи кезекте бул аймактагы учурдагы туруксуз кырдаалга, ошондой эле авиакаттамдардагы өзгөрүүлөргө байланыштуу: айрым учурларда рейстердин токтотулушу же өзгөртүлүшү болуп жатат, бул албетте саякатчылардын пландарына таасирин тийгизүүдө", – деп түшүндүрүштү.

Ошондой эле ведомство Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү салттуу түрдө ири авиациялык транзиттик хаб катары колдонулуп келгенин белгиледи.

"Мисалы, Дубай аркылуу көптөгөн каттамдар өтчү. Ошондуктан авиалогистикадагы мүмкүн болгон өзгөрүүлөр же авиабилеттердин кымбатташы туристтик агымга кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн", — деп кошумчалашты.

Ошол эле учурда, башка багыттар боюнча Кыргызстанга келүүгө болгон суроо-талапта олуттуу өзгөрүүлөр азырынча байкала элек.

"Башка аймактардан келген туристтердин биздин өлкөгө болгон кызыгуусу туруктуу бойдон калууда", – деп белгиледи департамент.

Кыргызстанда туристтик сезон адатта бир айдан кийин башталат жана учурда ага карата даярдыктар активдүү көрүлүүдө.

"Биз туристтик агымды туруктуу кармап туруу жана андан ары өстүрүү үчүн эл аралык рыноктор, өнөктөштөр жана туроператорлор менен системалуу ишибизди улантып жатабыз. Ошондой эле мүмкүн болгон өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу жана зарыл болгон учурда тармактын туруктуулугун сактоо үчүн альтернативдүү логистикалык жана маркетингдик чечимдерди иштеп чыгуу максатында туристтик бизнес өкүлдөрү менен диалог жүргүзүлүүдө", – деп жыйынтыкташты Туризм департаментинен.