Таш-Көмүрдө "Шахтер" стадиону капиталдык оңдоодон кийин ачылат

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2026 16:15
727446489_2219.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. 27-июнда Таш-Көмүр шаарында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн "Шахтер" стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, 1963-жылы курулган бул спорттук объект тарыхында биринчи жолу толук жаңыланып, табигый чөптүү аянт, жаңы жарыктандыруу системасы, медиа борбор жана заманбап кийим алмаштыруучу бөлмөлөр менен камсыздалды.

Майрамдык иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерти жана саат 20:00дө баштала турган "Шахтер" жана "Базар-Коргон" клубдарынын ортосундагы жолдоштук беттеш менен коштолот.