Жакында Кыргызстанда робот-хирургдар операция жасай баштайт – Жумабеков

Ден соолук Жүктөлүүдө... 14 Апрель 2025 13:08
490731045_1221828216619881_4635514417818765103_n.jpg
490720028_1221827986619904_2936389128277315934_n.jpg
490571553_1221827356619967_1099694626681402498_n.jpg
490734094_1221827193286650_6501591397500270218_n.jpg
490342679_1221827139953322_6908723906062444429_n.jpg
Алдыга
Артка
490731045_1221828216619881_4635514417818765103_n.jpg
490720028_1221827986619904_2936389128277315934_n.jpg
490571553_1221827356619967_1099694626681402498_n.jpg
490734094_1221827193286650_6501591397500270218_n.jpg
490342679_1221827139953322_6908723906062444429_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 4.04.25. /Кабар/. Жакында Кыргызстанда робот-хирургдар операция жасай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын травматологдор жана ортопеддер ассоциациясынын президенти, академик, ортопед Сабырбек Жумабеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Дарыгердин айтымында, ал жакында эле Кытайга барып, робот-хирургдардын иштегенине күбө болуп келген.

"Кытай медицинасы дүйнөдө алдыңкы орунга чыкты десем жаңылбайм. Ортопедия, травматология тармагында жетишкен ийгиликтери өтө чоң. Көргөзмөдө жаңы технологияларды үч күн кыдырсаң да жетише албайсың.

100 миңден ашык ортопед-травматологдору бар, медицинасы күндөн-күнгө өнүгүүдө. Робот-хирургдарды чыгарган 9 заводу бар экен.

Бул барышта биз робот-хирургдардын иштегенине күбө болдук. Өз көзүбүз менен көрүп, операцияга бирге катышып, плюс-минустарын көрүп, баамдап келдик. Албетте, адамдык фактор биринчи орунда кала берет дечи, бирок робот-хирургдардын операцияга катышуусу бүгүнкү күндүн талабы.

Кудайым буйруса, жакын арада Кыргызстанда биз менен бирге биринчи робот-хирургтар өз иштерин баштайт",-деп жазган ал.