Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун жыйынтыгында саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын негизги багыттарын аныктаган биргелешкен декларация кабыл алынды.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, тараптар 2026-2027-жылдарга ТМУнун саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыгы боюнча иш-аракеттер планын бекитип, артыкчылыктуу багыттар боюнча жооптуу координаторлорду аныктоо жана биргелешкен демилгелердин аткарылышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө боюнча макулдашты.
Документте "TurkEMT" демилгесин өнүктүрүү, Түрк фармакопеясынын алкагында кызматташуу, медицина кызматкерлеринин кесиптик билимин жогорулатуу, адистерди, изилдөөчүлөрдү жана студенттерди алмашуу каралган. Анын ичинде стипендиялык жана кыска мөөнөттүү билим берүү программалары да бар.
Ошондой эле саламаттык сактоодо жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонууга өзгөчө көңүл бурулат. Аны диагностикада, медициналык сүрөттөрдү талдоодо, илимий изилдөөлөрдө жана саламаттык сактоо системаларын башкарууда колдонуу пландалууда. Мында маалыматтарды коргоо, бейтаптардын коопсуздугу жана этикалык талаптар эске алынат.
Тараптар жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо, медициналык туризм, биргелешкен илимий изилдөөлөр жана инновациялык иштеп чыгуулар боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө да макулдашты. Мындан тышкары, медициналык лабораториялар, органдарды трансплантациялоо жана геномдук технологиялар боюнча тажрыйба алмашуу каралган.
Практикалык багыттардын бири катары ТМУ өлкөлөрү тарабынан дары-дармек жана медициналык буюмдарды биргелешип сатып алуу механизмин өнүктүрүү белгиленди.
Ошондой эле тараптар ТМУнун 2027-2031-жылдарга карата стратегиясын иштеп чыгууга катышууну жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарынын саламаттык сактоо жаатындагы тиешелүү көрсөткүчтөрүнө мөөнөтүнөн мурда жетүүгө көмөктөшүүнү колдошту.
Жолугушуунун жыйынтыгында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 7-жолугушуусун Түркияда өткөрүү чечими кабыл алынды.