Жакында Чүй облустук төрөт үйүнүн жаңыланган имараты ачылат

Коом
857460101_4117487038544927_4331442443282642910_n.jpg
858972947_1490881503098968_5196427372079685849_n.jpg
857193995_2661130394312704_721020556102205558_n.jpg
857369723_1103178009172108_5241706504167992322_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Чүй облустук төрөт үйүнүн капиталдык оңдоодон өткөн имаратына көчүү 2026-жылдын 1-декабрына чейин пландалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда оңдоо иштери аяктоо алдында турат.

Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Алмазбек Аскаровдун маалыматына караганда, палаталарга линолеум төшөө жана от казанын газ магистралына туташтыруу иштери калды. Ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, короого асфальт төшөө аяктады.

Оңдоо иштери бүткөндөн кийин төрөт үйү энелер жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн жаңыланган шартта кызмат көрсөтөт.