Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Авиценна көчөсүнүн И. Раззаков көчөсүнөн "Орто Азия" мейманканасына чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, оңдоо иштеринин алкагында жол кеңейтилип, тротуарлар курулду. Бул көчөнүн өткөрүмдүүлүгүн жакшыртып, жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Көчө буга чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес.