Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад облусунда 65 көмөк чордон капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билидришти.
Маалыматка караганда, капиталдык оңдоо иштери 35/110/220/500 кВ чыңалуудагы көмөк чордондордо жүргүзүлөт. Алар:
- Майлуу-Суу шаары - 110 кВ 2 даана, 35/10кВ 1 даана;
- Манас шаары - 110 кВ 4 даана;
- Кара-Көл шаары - 110 кВ 6 даана;
- Таш-Көмүр шаары - 220кВ 1 даана, 110 кВ 2 даана;
- Аксы району - 110 кВ 2 даана, 35/10кВ 3 даана;
- Ала-Бука району - 110 кВ 2 даана;
- Чаткал району - 110 кВ 2 даана;
- Ноокен району - 110 кВ 5 даана, 35/10кВ 6 даана;
- Токтогул району - 110 кВ 2 даана, 35/10кВ 7 даана;
- Базар-Коргон району - 110 кВ 1 даана, 35/10 кВ 4 даана;
- Сузак району - 220 кВ 1 даана, 110 кВ 6 даана, 35/10кВ 7 даана.
Аталган көмөк чордондордо капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүндө жалпы 232 даана электр жабдуусу ремонттолот. Анын ичинде күч трансформаторлору, өчүргүчтөр жана ажыраткычтар, өткөрмө тутумдар, ошондой эле чыңалуудагы сарп дүрмөттөгүчтөр камтылган.