Тарыхта биринчи жолу энергетикага $300 млн бөлүндү

Коом
Тарыхта биринчи жолу энергетикага $300 млн бөлүндү
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Энергетика тармагына тарыхта биринчи жолу 300 млн доллар бөлүндү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Энергетика министри белгилегендей, бул каражатка 500 киловольттук “Кемин” көмөк чордонунан Кара-Балтадагы “Фрунзе” көмөк чордонуна чейин кошумча дагы 500 киловольттук линия, ошондой эле Бишкекке дагы 500 киловольттук көмөк чордон курулат.

"Мунун баарын эки жылдын ичинде бүткөрүүнү пландаштыруудабыз. Жалпысынан Бишкек шаарына электр энергиясын берүү маселеси толугу менен чечилет", - деди министр.