Быйыл Жайыл районунда 86 трансформатор капиталдык оңдоодон өтөт

Аймак Загрузка... 02 Апрель 2025 09:42
1_XOYBH1y.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Быйыл Жайыл районунда 86 трансформатор капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынан билдиршти.

Ошондой эле быйыл планга ылайык, 105 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүү каралган.

Мындан тышкары, энергетиктер 575 даана трансформатордук көмөкчордонду, 958 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөө иштерин жүргүзүшөт.

Капиталдык курулуш иштеринин алкагында райондо 26 чакырым СИП-2 аба чубалгысы тартылат. Учурда 621 даана темир-бетон мамылары орнотулуп бүттү.

Бул иштер Жайыл районунун керектөөчүлөрүн сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Маалымат үчүн: Жайыл райондук электр тармагы Кара-Балта шаарында жана 34 айылда жашаган 33 947 абонентти тейлейт. 33 947 абоненттин 32 332 абоненти турмуш-тиричилик, 1615 өндүрүш абоненттери.