Бишкек – Балыкчы багыты боюнча поезд 5-июндан тарта каттай баштайт

Коом Загрузка... 19 Май 2026 11:50
4.webp
copyright icon "Кыргыз темир жолу"

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. 5-июндан тарта Бишкек-2 – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өлкө тургундарына жана конокторуна жайкы эс алууну ыңгайлуу жана коопсуз шартта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Каттамдын графиги:

  • 5-июндан 21-июнга чейин – жума, ишемби жана жекшемби күндөрү;
  • 26-июндан 13-сентябрга чейин – күн сайын.

Белгиленгендей, поезд сентябрдын ортосуна чейин каттап, жүргүнчүлөргө жайкы эс алууну жана сапарларды алдын ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Жол киренин баасы

Аймактар аралык вагондор чоңдор үчүн билет:
• накталай төлөм - 180 сом;
• накталай эмес төлөм - 150 сом;

балдар үчүн билет (5 жаштан 10 жашка чейин):

• накталай төлөм - 90 сом;
• накталай эмес төлөм - 73 сом.

"Люкс" вагондо чоңдор үчүн билет:

• накталай төлөм - 600 сом;
• накталай эмес төлөм - 500 сом;

балдар үчүн билет (5 жаштан 10 жашка чейин):

• накталай төлөм - 300 сом;
• накталай эмес төлөм - 250 сом.

"ВИП" вагондо чоңдор үчүн билет:

• накталай төлөм - 1 000 сом;
• накталай эмес төлөм - 800 сом;

балдар үчүн билет (5 жаштан 10 жашка чейин):

• накталай төлөм - 500 сом;
• накталай эмес төлөм - 400 сом.

"ВИП купе" вагону (баасы бир купе үчүн көрсөтүлгөн)

• накталай төлөм - 7 200 сом;
• накталай эмес төлөм - 6 000 сом.