Жакында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары лагерге жөнөтүлө баштайт

Коом Загрузка... 08 Июнь 2026 13:20
4ac5f43c-aa68-4edb-a132-e6fa020ea9e8.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын алгачкы тобу жайкы эс алуу лагерлерине жөнөтүлөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.

Министрдин айтымында, анын ичинде оор турмуштук кырдаалда жашагандардын балдары жана майыптуулугу бар балдар бар.

"Бул программаны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын 15 млн сом бөлүнөт", - деген Сагынбаев балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга көзөмөлдү күчөтүүнү жана коопсуздук талаптарынын сөзсүз сакталышын камсыздоону тиешелүү жетекчилерге тапшырды.