Жакында Алайда жаңы спорт комплекси ачылат

Аймак 406 22 Июнь 2026 18:35
727519295_1519481366317574_6251223038974054856_n.jpg
727448554_1519481442984233_760762421274397548_n.jpg
727490726_1519481379650906_4242803517259072619_n.jpg
727704193_1519481372984240_1719810831690837120_n.jpg
727737711_1519481426317568_1947236149640218471_n.jpg
728226195_1519481349650909_4855262383677396955_n.jpg
730491457_1519481412984236_4162188222033624626_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жаңы спорт комплекси курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 37 млн сомду түзөт.

Жаңы спорт комплекси заманбап стандарттарга жооп берет. Анда волейбол жана баскетбол аянтчалары, ошондой эле машыгуу залы каралган. Мындан тышкары, машыктыруучулар үчүн кабинет жана бардык шарттары каралган кийим алмаштыруучу жайлар болот.

"Учурда объекттин курулушу дээрлик аяктап, сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.