Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Күн мурун, 29-июнда Кыргызстан энергосистемасындагы суткалык электр энергиясын керектөө 47 млн 112 миң кВт.с деңгээлине жетти.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтан билдиришкендей, бул — тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Салыштыра турган болсок, былтыр 2025-жылдын 29-июнунда бул көрсөткүч 40 млн кВт.сааттын тегерегинде болгон.
Керектөөнүн өсүшүнө негизги себептери:
- Көп кабаттуу үйлөрдүн (МИК), социалдык объектилердин, өнөр жай объекттеринин курулуп, пайдаланууга берилиши.
- Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатканы.
Учурда өлкөнүн энергосистемасы штаттык режимде иштеп жатат.