Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. Жай мезгилинде баланын туура тамактануусуна гана эмес, анын эс алуусун да туура уюштурууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ысык аба ырайы, физикалык активдүүлүктүн жогорулашы жана күн тартибинин өзгөрүшү тең салмактуу тамактанууну талап кылат. Ал эми бош убакытты пайдалуу жана өнүктүрүүчү иштер менен өткөрүү сунушталат.
Бишкек шаардык Ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына ылайык, жайында баланын организми тердөө, кыймыл-аракет жана күндүн ысыгынын таасиринен көп өлчөмдө суюктук жана пайдалуу заттарды жоготот. Ошондуктан бала өзүн сергек сезип, ысып кетпеши, жакшы уктап, активдүү күндөн кийин тез калыбына келиши үчүн анын тамак-ашы жеңил, ар түрдүү, пайдалуу жана витаминдерге бай болушу керек.
Адистер төмөнкүлөрдү сунушташат:
- тамактануунун туруктуу режимин сактоо;
- белок, май, углевод жана клетчаткага бай тең салмактуу рацион түзүү;
- баланы пайдалуу азыктарга жана жаңы даамдарга акырындык менен көндүрүү;
- ар бир тамактанууну кызыктуу, даамдуу жана пайдалуу уюштуруу.
Мындан тышкары, жайкы эс алууну туура уюштуруу да маанилүү. Адистер гаджеттерди колдонуу убактысын чектеп, үй-бүлө менен көбүрөк убакыт өткөрүүнү сунушташат.
Бул үчүн төмөнкү иш-аракеттер пайдалуу:
- үйдө жана сыртта балдар менен оюндарды ойноо, стол оюндары, викториналар, логикалык жана көңүл бурууну өнүктүргөн оюндарды, пазлдарды колдонуу;
- баланын күн сайын кыймыл-аракет менен алектенишине шарт түзүү, анткени физикалык активдүүлүк ден соолукту чыңдоо менен катар акыл-эсинин өнүгүшүнө да оң таасир этет;
- чыгармачылыкка жана китеп окууга кызыктыруу, ийримдерге катышууга же үйдө чыгармачылык менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берүү;
- үй иштерин жана тамак жасоону чогуу аткаруу;
- күн сайын таза абада сейилдөө.