Жайга чейин Кыргызстанда электромобиль кубаттоочу 300 станция курулат

Коом Загрузка... 03 Март 2026 14:35
549337943_1127610256224537_37.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев түштүк кореялык "Blue Networks" компаниясынын башкы директору Но Cун Ён менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуунун негизги максаты — өлкөдө электромобилдер үчүн инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап энергетикалык технологияларды киргизүү маселелерин талкуулоо болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө компания 2026-жылдын июль айына чейин өлкө аймагында 300 электр кубаттоочу станция орнотууну пландаштырып жатканын билдирди.

645879166_911076101517366_2011354879411136826_n

Маалымат үчүн: "Blue Networks Co., Ltd." компаниясы менен кызматташуу 2024-жылдан бери уланып келет. 2024-жылдын август айында "Чакан ГЭС" ААК менен компаниянын ортосунда электр кубаттоо станцияларын биргелешип даярдоо жана пайдалануу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган.

2025-жылы Кыргызстанда электр кубаттоочу станцияларды чогултуу, өндүрүү жана орнотуу боюнча өндүрүштүк ишкана ачуу долбоорун ишке ашыруу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлган. Макулдашуунун алкагында "Рево Кей Джи" ЖЧК биргелешкен ишканасы түзүлүп, станцияларды чогултуучу заводду ишке киргизүү 2026-жылдын апрель айына пландаштырылган.