Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Балыкчы жана Талас шаарларында инфарктка кабылган бейтаптарга тез жардам көрсөтүүчү адистештирилген борборлор иштеп жатат. Бул тууралуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору Талант Эралиев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул борборлордо жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүлөт.
“Балыкчы шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун базасында ангиографиялык аппарат менен жабдылган катетерлөө борбору 2026-жылдын май айында ишке кирген. Ал эми Талас шаарындагы ушундай эле жабдуу 6-октябрдан тартып иштей баштады”, — деди ал.
Эралиев белгилегендей, борборлордо миокарддын курч инфарктына жана инфаркт алдындагы абалга кабылган бейтаптарга жардам көрсөтүлүп, кан тамырларды стенттөө, жүрөк ритми бузулганда электрокардиостимулятор орнотуу сыяктуу операциялар жасалат.
“Кийинки этапта Нарын шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ангиографиялык аппаратты 2026-жылдын 10-ноябрына чейин ишке киргизүү пландалууда. Бул аймак тургундарынын жүрөк ооруларына байланыштуу адистештирилген медициналык жардам алуусун жеңилдетет”, — деди ал.