Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 15-21-сентябрда айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болбойт.
Чүй жана Талас облустары
Чүй жана Талас облустарында 15-21-сентябрь күндөрү негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Таласта мындай көрүнүш 18-сентябрда күтүлөт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 15-21-сентябрда негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ошто мындай көрүнүш 17-сентябрда, Жалал-Абадда 15-18-сентябрда, Баткенде 16-20-сентябрда күтүлөт. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары
Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-21-сентябрда айрым күндөрү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Жаан-чачын 16-сентябрда Ысык-Көлдө түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда, Нарын облусунда да күндүз көпчүлүк аймактарда күтүлөт. 17-19-сентябрларда айрым жерлерде өткүн өтөт. 20-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт, 21-сентябрда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.