Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү аймактардагы актуалдуу маселелерге көңүл буруп, алар боюнча алгылыктуу чараларды көрүү керектигине токтолушту.
Парламенттен маалымдашкандай, жыйында депутат Максат Алымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында Аламүдүн районунан Бишкек шаарына кошулган Садовое айылынын бир бөлүгү калаага карап, бир бөлүгү райондо калгандыктан “Тулпар” жол кире картасын колдонууда көйгөйлөр чыгып жатканын мисал кылды.
Ал эми депутат Гулжан Сатиева Москва районуна караштуу Нарзан айыл өкмөтүндөгү кыргыз тилде билим берген жалгыз мектеп эки бала бакчанын имаратында жайгашканын айтып, жаңы окуу имаратын тездетип куруу керектигин баса белгиледи.
Депутат Исманали Жороев Сүлүктүдөгү көмүр шахталарынан чыккан көмүрдү калкка арзан баада сатуу маселесин чечүүгө чакырса, депутат Дастанбек Жумабеков Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылындагы мектептин бир корпусунда окуучулар билим алып, биринде бала бакча жайгашканын, дагы бири авариялык абалда экенин айтып, жаңы окуу корпусун куруу талабын койду.
Ошондой эле депутат Улукбек Узакбаев Жайыл районуна караштуу Талды-Булак айылындагы жергиликтүү оорукананы жаңыртуу маселесин көтөрүп, Суусамыр-Арал жолун куруу иштери качан башталарын тактап берүүнү да өтүндү.
Андан тышкары, депутат Камила Талиева Баткен облусундагы райондук жана айылдык ооруканалар өтө начар абалда экенин маалымдап, калктын талабын эске алуу менен оңдоп-түзөө иштерин тез арада баштоо керектигин кошумчалады.
Ал эми депутат Алтынбек Кудайбердиев Ош шаарындагы Төлөйкөн айылында таза суу маселеси чечилбей келе жатканын айтса, депутат Азамат Исираилов электромобилдерди алуу үчүн берилген квотаны дагы он миңге көбөйтүү сунушун берди.
Депутат Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы Ленин районунун айрым айылдарын газдаштыруу боюнча долбоорлор даяр экенине карабай, тийиштүү иштер башталбай жатканын жүйө келтирсе, депутат Бекмырза Чолпонбай уулу Сузак районундагы Көк-Арт айылынан өткөн стратегиялык маанидеги жолдорго жол чырактарды жана тиешелүү жол белгилерин орнотуу талабын койду.