Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Күн мурун Түркмөнстандын "Аваза" улуттук туристтик аймагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны өттү.
Парламенттен билдиришкендей, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган кыргызстандык депутаттар катышты. Делегациянын курамында депутаттар Гуля Кожокулова жана Данияр Төлөнов да болду.
Жыйында КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгы, алдыдагы 61-пленардык жыйынга даярдык, шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүү жана Ассамблеянын 2027-жылга карата иш планы талкууланды.
Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу, жасалма интеллектти колдонуу жаатындагы мыйзамдык жөнгө салуу, терроризм менен экстремизмдин алдын алуу жана маданий мурастарды сактоо маселелери каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Россиянын Мамлекеттик Думасына өткөн шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасады. Ал эми депутат Данияр Толонов КМШ ПААнын ишмердүүлүгүн каржылоо жана 2027-жылга карата бюджети тууралуу маалымат берди.