Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова менен Мирлан Жеенчороев Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандыктар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, Таврия сарайында өткөн жолугушууда чет өлкөдө жүргөн жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, миграциялык каттоо, социалдык коргоо жана укуктук-консультациялык жардам алуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, мекендештердин маданий жана билим берүү программаларына катышуусу, кыргыз тилин, тарыхын, каада-салтын жана маданиятын сактоо маселелерине көңүл бурулду.
Иш-чарада Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиевдин колдоосу менен таланттуу балдарга улуттук музыкалык аспаптар — комуздар тапшырылды.