Акыйкатчы Москва шаарында мекендештер менен жолугушту

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жарандарды кабыл алууга Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, РФ ИИМдин Миграция кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиев жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жаркынай Галиева катышты.

Жолугушууда кайрылуулардын басымдуу бөлүгү миграциялык каттоого жана өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууга байланыштуу болду. Мөөнөтүн өткөрүп жиберген жарандар көзөмөлдөнүүчү жактардын реестрине киргизилип, айып пул төлөө жана өлкөдөн чыгарылуу коркунучуна кабылышууда.

Мындай кырдаалга студенттер да туш болуп, айрымдарын полиция кармап, өз эсебинен билет алып чыгып кетүүнү талап кылган учурлар айтылды. Россиянын тиешелүү органдарынын өкүлдөрү чет элдик студенттерди каттоого алуу билим берүү мекемелеринин милдети экенин түшүндүрүп, алардын арыздарын кабыл алышты.

Мындан тышкары, эмгек укуктарынын бузулушу боюнча да кайрылуулар түштү. Заводдо иштеп жүрүп 9 ай мурун өндүрүштүк жаракат алып, колунун манжасынан ажыраган З.М. аттуу аял иш берүүчү компенсация төлөөдөн баш тартып, жатаканадан чыгарып салганын билдирди. Учурда ал сотко кайрылган, ошондой эле ага прокуратурага да арыз жазуу сунушталды.

Ошондой эле сот жана тергөө иштериндеги укук бузуулар тууралуу да айтылды. Сот тарабынан акыл-эси жайында эмес деп табылган жашы жете элек өспүрүм чет өлкөлүк жаран болгондуктан, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги аны дарылоого кабыл албай, ал дагы деле тергөө абагында отурганы маалымдалды.

Дагы бир жаран баңгизат сатууга шектелип кармалган уулу менен келинине котормочу берилбегенин айтып, алардын укугун коргоого жардам сурады. Аны менен катар мекендештер Россияда топтогон эмгек стажын эске алуу менен Кыргызстанга кайткандан кийин пенсия алуу мүмкүнчүлүгү боюнча да суроолорун беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында РФ Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир катар арыздарды кабыл алып, мекендештердин укуктарын коргоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлмөй болду.