Өзгөндөгү аламан улактан соңку таштанды: Уюштуруучуга айып салынды

Аймак 549 09 Февраль 2026 14:00
WhatsApp Image 2026-02-09 at 13.55.26 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 13.55.26 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 13.55.26.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-09 at 13.55.26 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 13.55.26 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 13.55.26.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Өзгөн районунда өткөн аламан улактан кийин аймакта таштандылардын чар жайыт ташталгандыгы боюнча фактылар катталган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиненен билдиришкендей, Экотехкөзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Тактап айтканда, Өзгөн районунун Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүнө калдыктарды тазалоо иш-чараларын уюштуруу боюнча расмий каттар жолдонду.

Мындан тышкары, аламан улакты уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115/1-беренесинин негизинде 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар тарабынан аймакты таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик массалык иш-чараларды өткөрүүдө айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын так сактоого чакырат.