Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Түп районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармактарынын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты.
Анда маалымдалгандай, Түп районунда акыркы беш жылда 55 жаңы ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашык көбөйгөн.