Өзбекстандан ташылып келген 21 тонна дарбыз артка кайтарылды

Экономика 533 29 Май 2026 10:25
1941918.c4550643c1379613bfd5396ba3f64987.jpg
WhatsApp Image 2026-05-29 at 09.25.23.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-29 at 09.25.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-29 at 09.25.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-29 at 09.25.24 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Өзбекстандан ташылып келе жаткан 21 тонна дарбыз артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Күн мурун "Достук" постунда жүргүзүлгөн фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө Өзбекстандан келген 21 тонна дарбыз текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында карантиндик продукциянын таңгагында милдеттүү маркировканын жок экендиги аныкталып, ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык талаптары бузулгандыгы белгилүү болду.

Натыйжада бул жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, продукция мыйзам талаптарына ылайык кайра артка кайтарылды.