Өзбекстандан келген көчөттөр артка кайтарылды

Коом Загрузка... 05 Март 2026 14:00
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Өзбекстандан келген 80 миң 520 түп көчөт артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Текшерүү учурунда жүктүн ээсинде мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сорттору боюнча тийиштүү документтери жок экени аныкталган.

Мындай чектөө 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирген министрлер кабинетинин №103 токтомуна байланыштуу. Ага ылайык, Кыргызстанга мөмө-жемиш көчөттөрүнүн айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салынган.

Эреже бузулганына байланыштуу, аталган жүктүн баары Өзбекстанга кайра кайтарылды.