Өзбекстандагы "Термез" көп функционалдуу борбору БУУнун глобалдык камсыздоо тармагы катары катталды

Борбор Азия Загрузка... 12 Февраль 2025 16:18
WhatsApp Image 2025-02-12 at 15.42.27 (1).jpeg
copyright icon Өзбекстандын "Дунё" маалымат агенттиги

Ташкент, 12.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Күн мурун Өзбекстандын түштүгүндөгү "Термез" Эл аралык көп функционалдуу транспорттук-логистикалык хабга БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын башкармалыгынын Глобалдык камсыздоо тармагынын кампасы макамын ыйгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү, деп билдирет "Дунё" маалымат агенттиги.

Өзбекстандын президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Термездеги хаб эл аралык кызматташтыктын, ишенимдүүлүктүн жана натыйжалуулуктун символу экенин белгиледи.

"Бул гуманитардык жеткирүү чынжырын бекемдөөгө гана кызмат кылбастан, аймактын өнүгүшүнө да салым кошуп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жумуш орундарын түзүүдө", - деди ал.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Борбор Азия боюнча өкүлүнүн милдетин аткаруучу Думитру Липкану уюм Термез хабынын эл аралык деңгээлдеги гуманитардык операциялар үчүн стратегиялык артыкчылыктарын бир нече жолу көргөнүн белгиледи.

"Борборду биздин глобалдык тармагыбызга интеграциялоо бизге анын инфраструктурасын жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон адамдарды колдоо үчүн дагы натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет", - деди ал.

Хаб 2022-жылы Өзбекстандын президентинин демилгеси менен БУУнун, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин Ооганстанга жана башка өлкөлөргө гуманитардык жардамды борборлоштурулган жана максаттуу жеткирүүнү камсыз кылуу максатында «Термез Карго Центр» базасында түзүлгөн.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын глобалдык тармагы Амманда (Иордания), Дубайда (БАЭ), Найробиде (Кения), Аккрада (Гана), Дуалада (Камерун), Копенгагенде (Дания) жана Панама шаарында (Панама) жайгашкан жети кампаны камтыйт. Жыл сайын бул инфраструктура гуманитардык кризистерге тез жооп берүү үчүн 500 миллион доллардан ашык жашоону камсыз кылуучу негизги буюмдарды (чатырлар, жууркандар, ашкана комплекттери, дары-дармектер ж.б.) өткөрөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан 2024-жылдын ноябрь айында Өзбекстандын Термез шаарындагы көп функционалдуу борборунда атайын павильон сатып алган. Бул инвестициялык аракеттер өлкөнүн Өзбекстан менен Ооганстандын рынокторундагы позициясын бекемдөөгө, ошондой эле Кыргызстандын товарларын жана айыл чарба продукцияларын Ооганстанга экспорттоону көбөйтүүгө багытталган.