Бишкек, 19.10.26./Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Парламенттен билдиришкендей, коңшу өлкөнүн парламентинин төрайымын «Манас» аба майданынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы тосуп алды.
Танзила Нарбаева иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, байкоочу макамында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына да катышат.
Эскерте кетсек, эртең Бишкек шаарында ТүркПАнын Кеңешинин отуруму жана XV пленардык жыйыны өтөт.